Бишкекте соода борборунан өрт чыкты

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында Ош базарына жакын жерде, Ленин районунун Чүй көчөсүндө жайгашкан соода борборунан өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:31де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, кошумча саат 09:37де аталган райондук ӨКБдан 3, жалпы 4 бөлүм жана штаб тартылган.

Жеринде кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барууда.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты