Бишкекте Sky Park Baytik оюн-зоок паркы ачылды
- 1 месяц мурун
- Фоторепортаж
Бишкекте Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда жаңы заманбап Sky Park Baytik оюн-зоок паркынын ачылышы 1-июнда болду.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, инвесторлор, жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
«Бүгүн борбор калаанын эң кооз жерлеринин бири — Байтик паркында «Асман паркын» ачып жатабыз. Шаардын түштүк тарабында көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат, бул сейил бак бул жерде абдан керек болчу. «Асман паркы” жөн эле сейил бак эмес, бул шаар тургундарынын эс алуусу үчүн ыңгайлуу жай боло турган маанилүү социалдык долбоор» деди МинКаб төрагасы.
Долбоорго 1 миллиард сомго жакын жеке инвестиция тартылып, 200 жумушчу орун түзүлдү. Парктын аянты 4,5 гектарды түзөт. Паркта балдар жана чоңдор үчүн 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) бар. Паркта ыңгайлуу кирүү системасы, эс алуу аймактары, санитардык түйүндөр жана фудкорттор бар. Келечекте парктын аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулат.




Сүрөттөр: gov.kg