Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин медициналык конгресси өтүп жатат

  • 1 месяц мурун

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгресси өтүп жатат.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиник, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске 400гө жакын медицина кызматкерлери, анын ичинде 100дөн ашуун чет элдик коноктор, академиктер жана дүйнөгө белгилүү окумуштуулар катышууда. 

Минкаб башчысы өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Акыркы үч жылда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоонун көлөмү эки эсеге көбөйүп, 2019-жылы 19,0 миллиард сом, 2023-жылы 38,0 миллиард сом бөлүнгөн.

«Тилекке каршы, бөйрөк оорусунан жабыркаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Гемодиализ менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,2 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Өлкө президентинин демилгеси менен өткөн жылы Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары башталып, атайын жабдыктарды алууга Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми быйыл түрк кесиптештеринин колдоосу менен боорду алмаштыруу боюнча операцияларды баштоону пландап жатабыз. Ушул убакка чейин биздин жарандар эбегейсиз чыгымга учурап, чет өлкөдө ушундай операцияларды жасоого аргасыз болушкан» деди анаж сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Маалыматта белгиленгендей, мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында жалпы суммасы 77,0 млн АКШ долларын түзгөн 4 ири долбоор ишке ашырылууда. Ошондой эле 116,5 миллион доллардан ашык гранттык долбоорлор ишке ашырылууда. Академик М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору катуу кармаган миокард инфаркты менен ооруган бейтаптарга тез арада жогорку технологиялык жардам көрсөтүү үчүн толук циклдуу моделдин негизинде “Тез жардам кардиология” программасын ишке ашырууда. Жаңы премиум класстагы «Aзурион 7» ангиографиялык аппараты орнотулду, анын жалпы баасы 1,5 миллион доллардан ашты.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты