Бишкекте көп кабаттуу айрым үйлөрдүн электр кубаттуулугу 7 кВт/саатка көбөйтүлдү
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
Бишкекте айрым көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн электр энергиясынын уруксат берилген кубаттуулугу 5 кВттан 7 кВт/саатка чейин көбөйтүлдү.
Бул тууралуу Кыргызстан улуттук электр тармагы билдирди.
Бул жеңилдик бардык жарандарга тиешелүү эмес, электр жарыгы менен гана жылытылган, бир фазалуу эсептегичтери бар көп батирлүү турак жайларга гана тиешелүү.
“Суук түшкөндө мындай үйлөрдүн тургундары электр тогун үйлөрүн жылытуу үчүн да пайдаланып, тармакка күч келтиришет. Уруксат берилген кубаттуулукту 7 кВт/саатка чейин көбөйтүү — жылытуу мезгилинде тургундар үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталган. Бишкек шаарында мындай көп батирлүү 276 үй бар” деп айтылат маалыматта.
Калган колдонуучуларга электр жарыгы буга чейинки кубаттуулукта — 5 кВт/саат боюнча эле берилет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




