Бишкекте Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
- 3 недели мурун
29-июндан тартып, Бишкек шаарынын Семетей көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул чектөөлөр курулуш жана реконструкциялоо иштеринин башталышына байланыштуу.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан мүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




