Бишкекте опузалап акча талап кылган жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын «Чыгыш 5» кичирайонунан «милиция кызматкеримин» деп калп айтып, опузалап акча талап кылган И.С. аттуу кишини кармады.  

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кармоо жаран кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара
талап кылуу) боюнча жүргүзүлдү.

Бул боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
И.С. жалган айтып, өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катарында тааныштырып, күнөөсү жок Бишкек шаарынын тургунун «камакка алынасың» деп коркутуп, 150 миң сом талап кылган.

Кармалган жаран ИИМге кайрылганга чейин андан 130 миң сом алгандыгы аныкталган.
2-майда ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын прокуратурасы
менен бирге 15 миң сом алып жаткан учурда И.С. ны колго түшүргөн.

Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына камалды.  

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты