Бишкекте Нүзүп бийдин айкели ачылды
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 19-сентябрда, Бишкекте Нүзүп бийдин айкелинин ачылышы болду. Айкел Жайыл Баатыр жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланма жолдун ортосуна орнотулду.
Салтанатка расмий кызмат адамдары, жазуучулар, тарыхчылар жана шаардыктар катышты.
Айкелдин автору — скульптор Сейит Калбаев. Бийиктиги 5,8 метрди түзөт, постаментинин бийиктиги 7 метрге жетет.
Айкел «Нүзүп миң башы» фондунун каражатына жасалды. Постамент орнотуу, мрамор менен каптоо, айланасын көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлдү.
Нүзүп Аталык (1794-1844) XIX кылымдагы аскер башчы, Аксы аймагында туулган. Кыргыздардын ичинен биринчи болуп «Миң башы» аскердик наамына жеткен.

Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




