Бишкекте мектеп директорлугуна сынак 30-августта өтөт

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарында мектеп жетекчилигине сынак 30-августта өтөрүн билдирди.

Бишкек шаары боюнча жалпы 62 бош орун бар жана талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктайт.

Маалыматка ылайык, компьютердик тестирлөө Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт. Талапкерлерди тандоо 3 нөөмөттө өтүп, каттоо  саат 7:30да башталат.

Мектеп директорлорун конкурс аркылуу тандоонун облустардагы жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты