Бишкекте мектеп автобустары жүрбөйт. Долбоор соңуна чыкты

  • 1 год мурун

13-февралдан баштап Бишкекте мектеп автобустары жүрбөйт. Пилоттук долбоор соңуна чыкты.

Бул тууралуу “Кабар” агенттиги уюштуруучуларга шилтеме берип билдирди.

Алардын айтымында, жол жүрүү билетинде калган акчаны №10, 11, 2 троллейбустарда мектеп окуучулары үчүн баа менен, 8 сомдон пайдаланса болот.

“Биз инвестор таап, долбоорду улантуунун аракетиндебиз” дешти алар.

Мектеп автобустары Бишкекте 24-январдан 10-февралга чейин 35 күн каттаган. Мектеп картасы боюнча 3 миң жолу жүрүшкөнүн жана миңдейи акысыз унааны пайдаланганын билдиришти.  

Бишкектеги мектеп автобустарынын долбоору 24-ноябрдан тарта иштей баштаган. Аны «Скул Бас» ЖЧКсы ишке ашырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты