11-январдан тарта Бишкекте мектеп автобустары иштей баштайт

  • 1 год мурун

Бишкектеги мектеп автобустары 11-январдан тарта кайрадан иштей баштайт. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырып жаткан жеке компаниядан билдиришти.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы мектептердеги карантинден улам мектеп автобустары 16-декабрдан тарта ишин токтоткон. Шаршембиден баштап мектеп шаттлдары тесттик режимде кайра иштей баштайт.

Аталган пилоттук долбоордун жыйынтыгы 31-январда чыгарылат. Анда жеке компания мэриянын транспорт департаменти менен биргеликте анын алдыдагы ишмердүүлүгү боюнча чечим кабыл алат.

Биринчи этапта алар 70, 29, 69 жана 13 мектеп гимназияларын тейлешет. Автобустар үчүн Транспорт департаменти менен биргеликте эки каттам иштелип чыккан: 1-автобус өз жолун «Ак — Ордо» конушунан, экинчиси — «Тунгуч» кичи районунан баштайт.

Алгачкы төрт күндө жол кире таанышуу максатында акысыз болуп, андан кийин бир тарапка 20 сом өлчөмүндө белгиленген. Төлөмдөр накталай кабыл алынбайт, карта менен ишке ашырылат.

Эске салсак, Бишкектеги мектеп автобустарынын долбоору 24-ноябрдан тарта иштей баштаган. Аны «Скул Бас» ЖЧКсы ишке ашырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты