Бишкекте мечиттеги садака кутусунан акча уурдаганга шектелген жаран кармалды
- 4 недели мурун
Бишкекте мечиттеги садака кутусунан акча уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-январда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамга карата мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнгөн. Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан мечиттеринин биринен садака кутусунан жашыруун түрдө акча каражаты уурдалган.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1990-жылы туулган М.А., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.