Бишкекте лицензиясы жок иштеген косметологиялык 26 мекеме аныкталды  

  • 5 месяцев мурун

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, медициналык комиссия Бишкек шаарында тиешелүү лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык жайды аныктады.

16-17-ноябрда саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө медициналык иш-аракеттерди (косметологиялык процедуралар) жүргүзгөн сулуулук жайларына текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык жайлары аныкталып, аларга 84 000 сом айып пул салынды.

Маалыматта айтылгандай, 26 косметология мекеме саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеп, тиешелүү уруксаат кагаздары жок мыйзамсыз иш-аракеттерди, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляция жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Калктын саламаттыгын сактоо, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Аталган кызматтарды көрсөтүү менен медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы бар жеке медициналык уюмдардын тизмеси менен саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтынын “Медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо” бөлүмүнөн төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Сүрөт: med.kg 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты