Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
- 12 месяцев мурун
Бишкек шаарында 2025-жылдын 7-августунан 5-сентябрына чейин Лев Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, реабилитациянын алкагында Лев Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүнө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну жана транспорт тыгындарын болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




