Бишкекте курулуш компания ижарага алган жер тилкеси сот чечими менен мамлекетке кайтарылды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) үлүш ээлерине шалаакылык кылган “Р.С.М” курулуш компаниясынын Бишкек шаардык мэриясынан 49 жылга ижарага алган 0,54 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирди.

“Р.С.М компаниясы жер тилкесин ижарага алганы менен толук кандуу курулуш үчүн каражатка ээ болбостон, башка подряддык компания менен курулуш келишимин түзүп, кийин курулушка керектүү каражаттарды алуу үчүн курулуп жаткан батирлерди үлүштүк катышуу келишими боюнча 100дөн ашык үлүшчүлөргө саткан. Жер тилкесинин бааланган наркы 132 млн 170 миң сомду түзгөн” деп айтылат маалыматта.

Андан соң жер тилкесинин ээси «Р.С.М.» компаниясы жеке кызыкчылыгы үчүн подряддык компания менен келишимди эч кандай себепсиз бузган. Ал компаниянын негизсиз иш-аракеттерине байланыштуу подряддык компания турак үйлөрдүн курулушун бүтүрө алган эмес жана үлүшчүлөрдүн алдындагы өз милдеттенмелерин толук аткара алган эмес.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты