Бишкекте «Красный строитель» конушунда жана шаарчасында суу өчүрүлөт
- 3 недели мурун
29-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин “Красный строитель” конушунда жана шаарчасында таза суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү району: Кыргыз көчөсү — Саадаев көчөсү – Бел көчөсү — Сары-Челек көчөсү — Бухар көчөсү — Кыргыз көчөсү.
Өчүрүү Саадаев жана Кыргыз көчөлөрүнүн боюнда суу өткөрмөдөгү авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууңуздарды суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Схема-сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү