Бишкекте кран кулап, курулуш компаниясынын иши токтотулду
- 3 недели мурун
19-июнда Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү, 18 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үй курулуп жаткан жерде кран кулап, жанаша жайгашкан аймакка залакасы тийген.
Бул тууралуу курулуш министрлиги маалымдады.
«Курулуш министрлигинин алдындагы Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы окуя болгон жердеги абалды аныктап, акт түзүлүп, учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Аталган жерде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Адис курулуш» ЖЧКсынын иши токтотулуп, кран башкарган адиске 17 миң сом айып салынды» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: minstroy.gov.kg
Муну бөлүшүү