Бишкекте коронавируска каршы ревакцинация башталды

  • 2 года мурун

Бишкекте 17-ноябрдан тартып коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиргендей, жарандар бүгүнтөн тарта борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын ала алышат.

Калган аймактарда кошумча доза менен эмдөө бир жуманын ичинде башталат.

Коронавируска каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар, мурда Sinofarm, Sinovac вакциналарды сайдырган 60 жаштагы жана андан улуу адамдар алат.

Ошондой эле коронавирус жугуу коркунучу өтө жогору медициналык кызматкерлерге, COVID-19 вирусунан жапа чеккен адамдарга да ревакцинацияга уруксат берилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин кайталап эмдөө (ревакцинация) адамдын антитело көрсөткүчү текшерилгенден кийин жүргүзүлөрүн айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты