Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттер лидерлеринин саммити өтүп жатат

13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) саммити башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлерин тосуп алып, жалпы сүрөткө түшүү расмиси өттү. Президенттер алгач чакан курамдагы сүйлөшүүнү жабык режимде өткөрүп, андан соң жыйын кеңейтилген форматта уланды..

Саммитке Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышып жатат.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жатат. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт.

КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.

Президенттердин саммитин утурлай, 12-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын министрлери жана Армениянын тышкы иштер министринин орун басары катышты. Жыйын соңунда жалпысынан 17 документке кол коюлду.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты