Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” ишканаларына санкция салынды
- 1 месяц мурун
Кыргызстандын ички рыногун нефть продуктулары менен камсыздаган, Бишкекте катталган «Газпром нефть Азия» жана «Мунай мырза» кампаниялары АКШнын санкциясына туш болду.
Бул тууралуу OFAC сайтында жазылды.
Анда Орусиянын 20дай компаниясына санкция салынганы айтылат, анын ичинде «Газпром нефть» жана «Сургут нефть газ» ишканасы бар.
«Санкция кабылган компаниялардын 50 пайызы же андан ашыгы түз же кыйыр түрдө “Газпромнефть” жана “Сургутнефть” ишканаларына же алардын туунду ишканаларына тиешелүү” деп айтылат АКШнын финансы министрлигинин билдирүүсүндө.
Санкцияга “Газпром нефть Тажикстан” жана “Газпром нефть Казакстан” да туш болгон. Санкциялар Россиянын 183 нефть танкерлерине жана 30 нефтьсервис компанияларына да салынды.
Сүрөт: Интернет булактарынан