Бишкекте кампадан чыккан өрт 700 чарчы метрге жайылган
- 11 месяцев мурун
- Видео
23-июлда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кара-Дарыя көчөсүнүн №1Б дарегинде кампадан өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 19:40та Октябрь жана Свердлов райондорунан 3 өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн. Мындан сырткары штаб жана автошаты иштеген. Мындан сырткары кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан эки офицер, Бишкек мэриясынан суу ташуучу 5 унаа, РЭТтен бир бригада жана ички иштер министрлигинин кызматкерлери өрт өчүрүүгө катышты. Өрт 23:49 да өчүрүлгөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттери менен кампадагы буюмдар сакталып калган. Бирок, тилсиз жоо кучагына алган аймак 700 чарчы метрди түздү.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




