Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 11-ноябрда, Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 12:05те Октябрь районунан эки машина, автошаты тартылган, саат 12:20да атайын штаб жөнөтүлгөн.

Учурда өрт чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.  

Социалдык тармактарда Бишкекте Түштүк магистраль жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы маалымдалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты