Бишкекте көп кабат үйдүн курулушунун чатырынан өрт чыкты
- 9 месяцев мурун
Баштапкы маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Ленин районунун Толстой жана Крылов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:50дөн баштап 3 күжүрмөн эсеп, автошаты, суу ташуучу жана штабдык унаа тартылды.

Сүрөттөр: ӨКМ
Муну бөлүшүү