Бишкекте көмүрдү арзан баада саткан кошумча кампа ачылды

  • 3 года мурун

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Бишкекте Мурманск көчөсү 30Б дарегинде көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан кошумча кампа ачылганын билдирди.

Маалыматкы ылайык, мындай чечим 16-ноябрда иштей баштаган алгачкы сатуу жайында кезек күткөндөр көп болгонуна байланыштуу кабыл алынды.

Өкмөт 16-ноябрда Мурманск көчөсү 1б/1 дарегинде Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомдон сата баштаган. Алармандар көп болуп, кезекте тургандардын саны 700 кишиге чейин жеткен.

Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 11-ноябрга карата Кыргызстанда көмүрдүн бир тоннасы 5 942,9 сомду түзүп, октябрь айына салыштырмалуу 14,7% кымбаттады.

Көмүр өлкөнүн түштүк аймагында кымбат. Ош облусунун Ноокат районунда бир тонна үчүн – 10 миң сомго, Баткенде 9 344,7 сом болсо, Исфанада 8 746,4 сомдон сатылып жатат.

Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда өкмөт Бишкекте Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сата баштарын айткан. Социалдык тармактарда башка аймактардын тургундары да бийликтен арзан көмүр менен камсыз кылып берүүнү суранууда. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты