Бишкекте үй тибиндеги эки балдар бакчасы ачылды  

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 1-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда үй тибиндеги эки балдар бакчасы ачылды.

NurKiDs бала бакчасы Жибек-Жолу – Исанов көчөсүндө, экинчи үй тибиндеги бала бакча — «Ак-Босого» жаңы конушунда

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева катышты.

“Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1 млн 18 миң баланын 200 миңи гана бала бакчага барат. Жалпысынан 1 миң 725 бала бакча болсо, анын 95% мамлекеттик-муниципалдык менчик тибинде, ал эми 5%  — жеке бала бакчалар. Учурда 100 күн ичинде жаңы конуштарда жеңилдетилген шартта бала бакча ачууга мумкүндук ачуу маселесинин үстүндө иш алып барып жатабыз” деди Асел Чынбаева.

Жеке ишкер Жанат Сүйүнбекова балдар үчүн бардык тийиштүү шарттар каралган үй тибиндеги «NurKiDs» бала бакчасын ачты. Ал жер тамда жайгашып, 25 балага чейин кабыл алууга болот.

Маалыматта айтылгандай, долбоор Бишкек шаарынын Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ишке ашырылууда. Кыска мөөнөттүү атайы окуудан жана ишкер катары каттоодон өткөн жактар турак-жайларда үй тибиндеги балдар бакчасын ачууга мүмкүндүк алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты