Жеке ассистент кызматын алуу укугу үч жаштан жогору майыптыгы бар балдарга да берүү сунушталууда

  • 2 месяца мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдарга жана чоңдорго дайыма кам көрүүгө жана көзөмөлгө муктаж болгон адамдар үчүн жеке ассистент кызматтарынын акысы боюнча маселелерди жөнгө салган өкмөттүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы №556 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Өзгөртүүлөр 2025-жылдын 8-августунда кабыл алынган «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө » жаңы мыйзамдын негизинде, ошондой эле Салык кодексине шайкеш келтирүү жана жеке ассистент кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында даярдалды.

Долбоордун негизги жоболору:

— «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам» терминин «майыптыгы бар адам» терминине алмаштыруу;

-Аймактык бөлүмдөр жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгынын негизинде, бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыкты аныктоого кошумча көзөмөлдүн киргизилиши, зарыл болгон учурда майыптыгы бар баланын жана/же адамдардын тизмелерин республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна муктаждыкты кайрадан аныктоо үчүн кошумча укук берилет;

— жеке ассистент кызматын алуу укугу 3 жаштан жогору майыптыгы бар балдарга да берүү;

— жеке ассистент майыптыгы бар балага жана\же адамга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө тоскоол болбогон учурда кошумча иштер менен алектенүүгө, ишкердик кылууга укуктуулугу жөнүндө ченем кошулду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты