Кайыңды шаарындагы балдар бакчасы жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, буга чейин, 1999-жылы Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз түрдө А.В.Ш. аттуу жаранга өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын жана маданият үйүнүн ээси жалпы аянты 2 миң гектардан ашык социалдык объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, аталган объектилер менен бирге баасы 641 млн 449 миң сомду түзгөн 1,25 гектар жер тилкелерин Кайыңды шаарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты