Ижарага берилген сегиз батирден өрт чыгып, ал эки үйдү каптады

Бишкек шаарынын Ленин районунун Абдраев көчөсүндө  ижарага берилген сегиз батирден өрт чыгып, жалын эки үйдү каптады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдрди.

Маалыматка ылайык, өрт  25-августка караган түнү саат 03:36 чамасында болгон.

Өрт жанаша турган үйгө өтүп, турак жайдын экинчи кабатынын үч бөлмөсү чатыры менен жана биринчи кабаттын эки бөлмөсүнүн шыбы күйгөн.

Ошол эле учурда жакын жайгашкан Чугуев көчөсүндөгү үч бөлмөлүү турак үйгө да өтүп, үй толугу менен күйүп кеткен.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзүп,  саат 05:06да чектөөгө алынып, саат 08:26да өчүрүлдү.

Тилсиз жоодон адамдардын өздөрү жабыркаган жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты