Бишкекте IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өтөт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-мартта, Бишкекте  IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өтөт.  

Ачылышка Президент Садыр Жапаров катышат.

Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу алдында өтүп жаткан бул спорттук мелдеште Кыргыз Республикасы, Кувейт мамлекети, Малайзия, Сингапур жана Иран Ислам Республикасынын командалары күч сынашат.

Турнирге ошондой эле IIHF президенти Люк Тардиф келет.

Салтанаттуу азем КТРК түз эфиринде чагылдырылат. Башталышы — саат 19:25.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты