Бишкекте ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат өндүргөн лаборатория аныкталды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматы менен бирге Бишкекте ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лабораторияны аныкташты.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 1-июнунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен З.Э. аттуу жаран кармалып, анын жанынан 95 грамм «Альфа-ПВП» психотроптук каражат табылган.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты