Бишкекте ири өлчөмдө акча уурдоого шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Милиция бөлүмүнө Ш.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 2024-жылдын 15-февралына караган түнү Бишкек шаарынын Валиханов көчөсүндө жайгашкан компаниянын кеңсесинин темир торун бузуп, терезени ачып кирип, коопсуздук кутусунан 23 миң АКШ доллары, 460 миң рубль, 500 миң теңге жана 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн тек-жайы аныкталып, мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган К.С. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

К.С. жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты