Бишкекте иликтөөчү журналисттердин “Чындык” форуму өтүүдө

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 12-февралда, Бишкекте «Чындык» аттуу 4-форум өтүүдө. Форум иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү алкагында уюштурулган.

Форумду иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы «Интерньюс» өкүлчүлүгү уюштурган.

Форумда иликтөөчү журналисттер туш болгон коркунуч, коопсуздук маселеси жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу талкуу болууда.

Форумдун соңунда 2023-жылдагы мыкты делген журналисттик иликтөөлөргө Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат.

Кыргызстанда иликтөөчү журналисттердин “Чындык” форуму 2021-жылдан бери өткөрүлүүдө. Бул күнү – иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Быйыл Уланбек Эгизбаев 34 жашка чыкмак. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган

Форумга журналисттер, медиа эксперттер, ЖМК өкүлдөрү катышууда. Иш-чарага “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери да катышууда.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты