Бишкекте ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 1 год мурун
29-сентябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилеринде таза суу өчүрүлөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы Анкара көчөсү — ББЧК, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү менен чектелет.
Ичүүчү суу «ХБО» суу алгычындагы реконструкция иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкек суу канал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Муну бөлүшүү




