Бишкекте ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 9 месяцев мурун
Бишкек шаарында 2025-жылдын 25-сентябрында саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелет.
Анын ичинде: «Красный строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын бешик», «Салам Алик» конуштары жана Маевка айылы.
«Северный» суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт-схема: bishkek.gov.kg




