Бишкекте «Европа бирлиги – Борбор Азия» экономикалык форуму өтөт

  • 2 года мурун

5-ноябрда Бишкек шаарында «Европа бирлиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форуму өтөт. 

Форумда жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, сергек ишкер чөйрөнү түзүү маселеси талкууланмакчы. 

Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жана өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде өтөт.

Европа Бирлигинин атынан Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис катышат. Мындан тышкары, Европа Бирлиги өлкөлөрүнөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөр, тышкы иштер министрлери, атайы өкүлдөр, ошондой эле атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер катышат. 

Ошондой эле форумга бир катар эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, анын катарында дүйнөлүк бажы уюмунун жана энергетикалык хартиянын жетекчилери, ишкер чөйрө жана банк секторунун өкүлдөрү катышат.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты