Бишкекте Эркиндик бульварындагы кафеден чыккан өрт өчүрүлдү
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 9-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Эркиндик бульварында жайгашкан “Три комнаты” кафесинен чыккан өрт саат 11:24тө өчүрүлдү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы эки өчүрүүчү унаа жана штаб тартылган. Себеби иликтенүүдө.
Буга чейин бүгүн, 9-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда, Эркиндик бульварында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкканы маалымдалган. Өрт турак үйдүн алдыңкы кабатында жайгашкан кафеден чыкканы белгилүү болду.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:33те Свердлов районунан, кошумча саат 08:47де дагы бир, жалпы эки өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




