Бишкекте электр чыгырыктарга жаңы эрежелер киргизилди  

  • 2 недели мурун

Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бишкекте электр чыгырыктарга  жаңы эрежелер киргизилди.

Эрежелерге ылайык: — Электр чыгырыктарынын максималдуу ылдамдыгын 15 км/саатка чейин азайтуу;
— Сары белгилер менен белгиленген атайын  токтотуучу жайларды белгилөө;
— Үч сааттан ашык убакытка  токтотуучу жайлардын сыртында калган самокаттарды эвакуациялоо;
— Жолдо жабырлануучуларга компенсация төлөө менен милдеттүү түрдө үчүнчү тараптын камсыздандыруусун киргизүү.

Бишкек шаарында буга чейин эле 64 чакырым веложол тилкелери түшүрүлгөн. Велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү иштери мындан ары да улантылат.

Кикшеринг компанияларынын өкүлдөрүнө колдонуучуларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата чара көрүү сунушталды.

Иллюстрацияоык сүрөт: Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты