Бишкекте эл аралык спорттук кандай иш-чаралар өтөт? (Тизме)

  • 2 месяца мурун

2024-жылы Бишкек шаарында бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт.

— 21-февралдан 26-февралга чейин 19 жашка чейинки өспүрүмдөр жана кенже балдар арасында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты; 

— 26-февралдан 3-мартка чейин бильярд боюнча эркектер жана аялдар арасында дүйнө чемпионаты; 

— 10-марттан 16-мартка чейин «А» тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты; 

— 23-марттан 1-апрелге чейин аялдар командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты; 

— 25-марттан 30-мартка чейин угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионат; 

— 11-апрелден 16-апрелге чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты; 

— 19-апрелден 21-апрелге чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү XXXIII Олимпиада оюндарына Азия квалификациялык (лицензиялык) турнири. 

Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты