Бишкекте Чернобыль кырсыгынын 36 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы Ю. Фучик атындагы паркта Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюунун 36 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, “Чернобыль Союзу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, авариянын кесепеттерин жоюучулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Митингдин катышуучулары Чернобыль апаатында курман болгондорду эскерип, алардын эстелигине гүл коюшту.

1986-жылдан 1989-жылга чейин 3200 кыргызстандык Чернобыль атом станциясында болгон кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан.

Бишкекте Чернобыль атом электр станциясындагы кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан 267 адам жана курман болгондордун жесири жашайт. Булардын арасында 133 кишинин мүмкүнчүлүгү чектелген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты