Чернобыль кырсыгын эскерүү митинг-реквиеми өттү

Бүгүн, 26-апрелде, Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу күнүнүн 40 жылдыгына арналган эскерүү митингреквием өттү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Иш-чарага Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар, алардын үй-бүлөлөрү, «Союз Чернобыль» коомдук бирикмесинин төрагасы Кадырбек Сасыкулов , Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев катышты.

Шаар башчысы митингге катышкан бардык адамдарга терең ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук,   бакубатчылык, жакындарынын камкордугун жана узак өмүр каалады.

«Бүгүн биз жөн гана бир датаны белгилөө үчүн чогулган жокпуз. Бул жерде кырсыкта курман болгондорду эскерүүгө чогулуп олтурабыз. Биз аларды унутпайбыз.  Бүгүн биз ошол оор күндөрдө өз өмүрүн тобокелге салып, элдин коопсуздугу үчүн кызмат кылган инсандарды терең урмат менен эскеребиз. Эрдигиңиздерге баш ийип таазим кылабыз. Арабыздан өтүп кеткен мекендештерибиздин жаркын элеси элдин жүрөгүндө түбөлүк сакталат» деп сүйлөдү мэр.

Иш-чара эстеликке гүл коюу менен башталып, «Жалгыз аял үнү» музыкалык чыгармасы жаңырды. Андан соң каза болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу ок атылды.

Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү  органдарында Чернобыль кырсыгынын кесепеттеринен жабыркаган 263 адам каттоодо турат. Алардын арасында кырсыкка катышуучулардын жесирлери, майыптыгы бар адамдар жана кырсыктын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкандар бар.

Чернобыль кырсыгын эскерүү митинг-реквиеми өттү
Чернобыль кырсыгын эскерүү митинг-реквиеми өттү
Чернобыль кырсыгын эскерүү митинг-реквиеми өттү
Чернобыль кырсыгын эскерүү митинг-реквиеми өттү
Чернобыль кырсыгын эскерүү митинг-реквиеми өттү
Чернобыль кырсыгын эскерүү митинг-реквиеми өттү

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты