Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 18-июнда, саат 16.00дөн 23.00гө чейин Бишкекте Чүй проспектисинин Дзержинский көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ала-Тоо аянтында «Fusion Concept» заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо туру өткөрүлгөнүнө байланыштуу аталган көчөнүн бөлүгү жабылат.

Чемпионат айтылуу бий сынактарынын бири жана дүйнөнүн бардык бурчунан бийчилерди өзүнө тартат. Эң күчтүү эки бийчи финалдык дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алып, августтун аягында Парижде Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытат. Ага Кыргызстан да кирген эң күчтүү сегиз өлкө катышат.

Иш-чара борбор калаанын мэриясы, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук маданий борбордун колдоосу менен уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү Француз Альянс тил борбору жана Гёте институту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты