Бишкектин Чүй проспектисинде жолдун бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
- 3 недели мурун
- Видео
Бишкек шаарынын Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимовго чейинки жабык турган бөлүгү 21-декабрга караган түнү ачылды. Жол 2025-жылдын май айынан бери жабык болчу.
Old Bishkek комплекси курулуштун биринчи этабынын алкагында жолду ачты. Ошондой эле жөө жүргөндөр жер алдындагы өтмөк аркылуу убактылуу өтүп жатышат.
Курулуш иштери толук аягына чыккандан кийин жертөлө толук ишке кирери айтылды. Анда унаа кое турган 225-250 орун болмокчу.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




