Бишкекте беш автобус каттамынын жүрүү кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

  • 11 месяцев мурун

Жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө байланыштуу  №7,  №36,  №48,  №105, №216 коомдук транспорт каттамдарынын жүрүү кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилди.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнү реконструкциялоо иштери башталган. Бул иштердин алкагында Ауэзов көчөсүнүн Шабдан Баатыр көчөсүнөн Сагымбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү 2025-жылдын аягына чейин убактылуу жабык болот.

Реконструкциядан кийин көпүрөнүн туурасы 13 метрден 24 метрге чейин кеңейет, тротуарлар жана транспорт каражаттары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Бул каттамдар убактылуу жаңы схема боюнча каттайт. Төмөндө кыймыл чиймелер берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундары менен конокторунан кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Бишкекте беш автобус каттамынын жүрүү кыймылы убактылуу өзгөртүлдү

Сүрөттөр: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты