Башкы прокуратуранын юридикалык академиясы ачылды
- 3 недели мурун
- Фоторепортаж
Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда, Бишкек шаарында башкы прокуратуранын юридикалык академиясынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров юридикалык академиянын негизги максаты — прокуратура жана башка укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталып, үзгүлтүксүз окутуунун натыйжалуу системасын түзүү болуп саналарын эске салды.
Академияда алган юридикалык билим ар бир бүтүрүүчүнүн адам укуктарын коргоо менен байланышкан ишмердигине болгон ишенимдүү кадамы үчүн бекем негиз болушу керектигине басым жасады.
“Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын 65% илимий даражалары жана наамдары бар окутуучулардан турарын маалымдашты. Ошондой эле окутуу процессине укук коргоо органдарында иштеп жаткан тажрыйбалуу кызматкерлер да тартылмакчы. Юридикалык академиянын ачылышы менен мында топтолгон профессордук-окутуучулук курам үчүн өтө жоопкерчиликтүү милдет жүктөлүп жатат” деди Жапаров.





Юридикалык академиянын ачылыш аземинин алкагында, Садыр Жапаров заманбап окуу класстарын көрүп чыгып, прокуратура музейи менен таанышып, китепканага, криминалистикалык борборго барып, каалоо-тилектер китебине эстеликке — окуу жайдын миссиясы өлкөнүн келечеги үчүн маанилүүлүгүн белгилеген жазуу калтырды.
Сүрөттөр: president.kg