Бишкекте балдардын «Наристе» аттуу эл аралык фольклордук фестивалы ачылды

  • 11 месяцев мурун

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” III Эл аралык балдардын фольклордук фестивалы 31-майда  ачылды.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышуучуларды фестивалдын ачылышы жана балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

«Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында өтүп жаткан «Наристе» фестивалынын программасы өтө кызыктуу жана мазмундуу, баарыңыздарды жылуу жана кубанычтуу жолугушуулар, жаңы ачылыштар, жаңы ысымдар күтүүдө » деп белгиледи шаар башчы.

Иш-чарага Индия, Казакстан, Монголия, Орусиянын Санкт-Петербург жана Тыва Башкортостан, Саха Республикасынан келген өкүлдөр жана Кыргызстандын 7 облусунан келген I Дельфий ачык оюндарынын жеңүүчүлөрү катышты.

Фестивалдын катышуучулары концерттик программа уюштурду.

Фестивалдын алкагында республикабыздын жана борбор калаанын конокторунун фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин концерти, мектептерде чыгармачылык жолугушуулар, мастер-класстар, илимий-практикалык конференция, маданий жана элдик прикладдык искусство жаатындагы инновациялык долбоорлордун бет ачар аземи өткөрүлөт.

Мындан тышкары, фестивалдын катышуучулары үчүн шаардын тарыхый-маданий объектилерине жана Ысык-Көлгө экскурсия уюштурулат.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты