Бишкекте турмуштун оор сыноосунда калган балалуу аялдар үчүн убактылуу жай ачылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин районунда турмуштун оор шартына кабылган балалуу аялдар үчүн жана үй-жайсыз калган аялдар үчүн убактылуу жай ачылды.  

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Бул жайда аялдар үчүн убактылуу жай, бир маал ысык тамак жана медициналык жардам уюштурулган.  Мында 70 кишилик орун бар, азыр 28 киши бар, анын ичинде — 16 бала.   

Убактылуу жай Трудовая,10 көчөсүндө жайгашкан   Кененирээк маалыматты: 64-48-71, 0550 546622 телефон номурларынан сурап алууга болот.  

Октябрь жана Свердлов райондорунда да убактылуу жайлар бар. Октябрь районундагы убактылуу жай 12-кичи райондогу Токомбаев  көчөсүндө турмуш-тиричиликкомбинатынын имаратында, ал 80 орунга эсептелген.  Тел. 511938, 0559180218, Сталбек Эсенкуловго кайрылыңыздар.

Свердлов районунда  Фере көчөсү,  34А дарегинде 40 орундук убактылуу жай орун алган. Маалымат үчүн телефондор: 360335, 0706 168877.

Биринчи май районунда Жибек жолу, 423 дарегинде жайгашкан. “Коломто” жайы, 70 орунга эсептелген. Убактылуу жай, бир маал ысык тамак, кийим берилет.

Эгер сиздер көчөдө жүргөн үй-жайсыз жарандарды көрсөңүздөр милицияга-102 же “Тез жардамга” -103 чалыңыздар.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты