Бишкекте B5+1 бизнес-форуму өтүүдө

  • 1 неделя мурун

Бишкекте В5+1 бизнес форуму өтүп жатат. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев сөз сүйлөп, анда Борбор Азияны бирдиктүү, келечектүү экономикалык аймак катары белгилеп, эл аралык бизнести кызматташууну жана инвестицияны кеңейтүүгө чакырды. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Ал белгилегендей, В5+1 форматы 2025-жылдагы Борбор Азия жана АКШ лидерлеринин саммитинде жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлор жана өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруу үчүн практикалык аянтча болуп саналат. 

Амангелдиев айткандай, 80 миллиондон ашуун керектөөчү рыногу, жаш демографиялык профили жана стратегиялык географиялык жайгашуусу менен Борбор Азия дүйнөлүк соода жана логистикалык каттамдардын маанилүү борборуна айланып баратат. 

Белгиленген келечектүү багыттарга IT, креативдүү экономика, логистика, төлөм инфраструктурасы жана өнөр жай долбоорлору кирет.

2025-жылы “Инвестиция жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, 700 миллион долларлык биринчи эгемендүү еврооблигациялар чыгарылып бүттү.

Төраганын биринчи орун басары мамлекет тарабынан колдоого алынган, алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоиндин ишке киргизилишине өзгөчө көңүл бурду.

“Кыргызстан ошондой эле эл аралык IT адистерди жана инновациялык компанияларды тартуу үчүн “Санарип көчмөндөр” режимин, Жогорку технологиялар паркын жана чыгармачыл индустриалдык паркын өнүктүрүүдө” деп белгиледи төраганын биринчи орун басары.

Бишкек шаарында“Бизнес (B)5+1” экинчи бизнес форуму 4-5-февралда өткөрүлөт.

В5+1 форуму – Борбор Азиянын беш өлкөсү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирген “С5+1” дипломатиялык платформанын бизнес аналогу болуп саналат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты