Бишкекте аялдамаларга токтотулган жеке унаалар эвакуацияланды
- 1 месяц мурун
6-ноябрда «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтогон унааларга каршы рейд өткөрдү
Бул иш-чаранын максаты – коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөө.
Рейддин алкагында бир күндө аялдамаларга токтотулган 27 унаа аныкталып, айып короо жайына киргизилди.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




