Бишкекте автобус каттамдарынын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарында жол катмарын калыбына келтирүү менен бирге Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Уркуя Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу автобус каттамдарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, иш Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен Уркуя Салиева көчөсүнө чейин толук жабылышы менен жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу №169, №104 жана №146 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты