Бишкекте акцияга чыккан укук коргоочулардын соту жылды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы пикет учурунда милиция кармап кеткен укук коргоочулардын ишин кароону кийинкиге калтырды. Бул тууралуу укук коргоочулардын бири Азиза Абдирасулова билдирди.

Ал буга айып коюлуп жаткандар иш менен толук таанышып бүтө электиги негиз болгонун айтты. Ага ылайык, Динара Ошурахунованын иши 18-мартта, ал эми Азиза Абдирасулова менен Өндүрүш Токтонасыровдун иши 22-мартта каралат. Аларга «Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө» жана «Майда бейбаштык» беренелери боюнча айып коюлду.

«Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө бизди материал менен тааныштырган эмес. Сотко келгенден кийин карасак, ар бирибизге экиден иш токулуптур. Биз материалды карап, таанышып чыгышыбыз керек да. Караганыбыз жакшы болуптур. Анын ичинде көп нерсени жазып коюшуптур», — деди Абдирасулова.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияга чыгып, Украинадагы согушка каршылык билдиришкен. Аларды милиция кармап кетип, суракка алган. Андан кийин райондук сотко жеткирилип, жараян жылган соң үйлөрүнө кетишкен.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыккан.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. Үч миллиондон ашык адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты