Бишкекте айт намазда жардыруу уюштурмакчы болгон эки чет элдик согушкерди колдогон Кыргызстан жараны кармалды

9-июлда Улуттук коопсуздук комитети  (УКМК)тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагынаи “Катиба аль Таухид валь-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун активдүү

Колдоочусу, Р.Ж. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Кармалган Кыргызстандын жараны 7-июлда борбор калаада кармалган Сириядан келген эки чет элдик согушкерди тосуп алып, бүлүнтүү жана террордук аракеттерди жасоонун кылмыштуу пландарын ишке ашырууда аларга жардам бермекчи болгон.

Кармалган террордук уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанга ушул жылдын 9-июлунда айт намаз убагында террордук акт жасоо максатында келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган КР жараны узак убакыт бою чыгыш мамлекеттеринин биринде чет өлкөдө жүргөнү, ал жерде анын Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишмердүүлүгүн координациялап турган тууганы тарабынан радикалдык-экстремисттик идеологияга аралашканы аныкталган.

Р.Ж. Сирияда атайын террористтик даярдыктан өткөн деген ыкчам маалымат бар.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Аталган террордук топтун башка тарапташтарына карата ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкекте айт намазда жардыруу уюштурмакчы болгон эки чет элдик согушкерди колдогон Кыргызстан жараны кармалды
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты